Түрмөнүн жанынан кара куурай алып бара жаткан 60 жаштагы аял кармалды

Жазылуу
Шектелүүчү №1 тергөө абагына камалып, териштирүү иштери башталды.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. 15-июнь күнү Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызмат 60 жаштагы нарындык аялды колго түшүрдү.

Аялдын мыйзамсыз наркотикалык заттарды ташып жүргөнү тууралуу алдын ала маалымат түшкөн.

Аталган кызмат Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте шектүү аялды түзөтүү колониясынын жанынан кармашты.

"Колго түшүрүлгөн жарандын жанында 360 грамм кара куурай бар экен. Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 247-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, прекурсорлорду сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатуу) менен кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.

Шектелүүчү №1 тергөө абагына киргизилип, териштирүү иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0