Күбөлөр Ананьеводо газ баллондордун жарылып жаткан видеосун чыгарды

© Фото / пресс-служба МЧС КРАнаньево айылындагы өрт
Ананьево айылындагы өрт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Ысык-Көл районунун Ананьево айылында газ баллондор жарылып, 8 адам жаракат алса, дагы эки адам набыт болгон

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Ананьево айылында газ баллондордун жарылуусуна күбө болгондор социалдык тармактарга кырсыктын видеосун жүктөп жатышат.

Айгерим Лейбекова аттуу колдонуучу Facebook тармагына газ баллондордун жарылып жаткан учурун жүктөгөн.

Окуяга күбө болгондордун бири Аскат Эленов Instagram баракчасына өрттү өчүрүү аракети тартылган видеону жүктөгөн.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков май куюучу жайлардын баарын текшерүүнү талап кылды
Эскерте кетсек, Ысык-Көлдүн Ананьево айылында кечээ 19-июнда болжол менен саат 17.22лерде май куюучу жайдын жанынан газ баллондор жарылган. Мындан эки адам каза таап, 8 адам ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк каза болгондор 52 жаштагы эркек киши жана анын 10 жаштагы баласы экени белгилүү болду. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча кырсыктан жабыркаган беш адамдын денесинин 60-90, экөөнүн денесинин 45 пайызы күйүп ооруканада оор абалда жатат. Бирөөнүн колу гана күйгөндүктөн тиешелүү жардам алып ооруканадан чыгып кеткен.

© Фото / пресс-служба МЧС КРЫсык-Көлдүн Ананьево айылында кечээ 19-июнда болжол менен саат 17.22лерде май куюучу жайдын жанынан газ баллондор жарылган
Ысык-Көлдүн Ананьево айылында кечээ 19-июнда болжол менен саат 17.22лерде май куюучу жайдын жанынан газ баллондор жарылган - Sputnik Кыргызстан
1/3
Ысык-Көлдүн Ананьево айылында кечээ 19-июнда болжол менен саат 17.22лерде май куюучу жайдын жанынан газ баллондор жарылган
© Фото / пресс-служба МЧС КРМындан эки адам каза таап, 8 адам ооруканага жеткирилген
Мындан эки адам каза таап, 8 адам ооруканага жеткирилген - Sputnik Кыргызстан
2/3
Мындан эки адам каза таап, 8 адам ооруканага жеткирилген
© Фото / пресс-служба МЧС КРКийинчерээк каза болгондор 52 жаштагы эркек киши жана анын 10 жаштагы баласы экени белгилүү болду
Кийинчерээк каза болгондор 52 жаштагы эркек киши жана анын 10 жаштагы баласы экени белгилүү болду - Sputnik Кыргызстан
3/3
Кийинчерээк каза болгондор 52 жаштагы эркек киши жана анын 10 жаштагы баласы экени белгилүү болду
1/3
Ысык-Көлдүн Ананьево айылында кечээ 19-июнда болжол менен саат 17.22лерде май куюучу жайдын жанынан газ баллондор жарылган
2/3
Мындан эки адам каза таап, 8 адам ооруканага жеткирилген
3/3
Кийинчерээк каза болгондор 52 жаштагы эркек киши жана анын 10 жаштагы баласы экени белгилүү болду

Бул боюнча өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тиешелүү ведомстволорго окуяны тыкыр иликтөөгө тапшырма берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0