Талды-Булак Сол жээк кениндеги кырсыктан кытайлык үч жаран каза болду

Жазылуу
Учурда укук коргоо органдары жеринде иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Талды-Булак Сол жээк алтын кенинде кытайлык үч жумушчу каза болгондугу тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына "Алтынкен" ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары Умар Изабаев билдирди.

Анын айтымында, 14-июнь күнү казылып жаткан жер урап, бир адам каза болгон. Ал эми бүгүн жер алдындагы өтмөктү кеңейтип жатканда кайрадан жер кыртышы бузулуп, кытайлык эки кызматкерди басып калды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Ысык-Көл облусунун Ананьево айылындагы май куюучу жайдын жанынан газ баллондор жарылып, эки адам көз жумду - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл районунда газ баллондор жарылып, эки адам каза тапты
Изабаевдин маалыматына караганда, укук коргоо органдары жеринде иликтөөлөрдү жүргүзүп жатат.

Кененирээк маалыматтар кийинчерээк берилмекчи.

Талды-Булак Сол жээк кенин "Алтынкен" ишканасы иштетет. Ал 2006-жылы апрель айында түзүлгөн. 2011-жылы Талды-Булак Сол жээк кенин "Алтынкен" компаниясы иштетет. Акциялардын 40 пайызы "Кыргыз алтынга" тиешелүү. 60 пайызы Кытайдын Superb Pacific Limited компаниясына таандык. Ал Кытайдагы эң ири Zijin Mining ишканасынын туунду компаниясы болуп саналат.

Аталган кенде болжолдуу эсептөөлөргө ылайык, 64 тоннадан ашык алтын, 45 тоннадай күмүш бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0