БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы "Ак кеме" мейманканасы таң эртеңден тарта курчоого алынды. Милиция эшикти талкалап кирип, эч кимди чыгарбай да, киргизбей жатат деп билдирди Sputnik Кыргызстанга мейманкананын башчысы Руслан Сарымсаков.
Алдын ала маалыматтарга караганда милиция менен кошо Мамлекеттик мүлк боюнча фондунун кызматкерлери кошо келген.
"Өзүн Ленин РИИБден келдим, фамилиям Козубаев деп тааныштырган адам жетекчиликтин көрсөтмөсү бар экендигин айткан. Маммүлк муну өкмөткө шылтап жатат — анда мейманкананы мамлекеттин менчигине берүү туурасында айтылган дешүүдө. Милиция эшикти талкалап кирип, "бул коомчулуктун коопсуздугу үчүн" жасалды деп түшүндүрдү. Андагылар кире да, чыга да албай жатышат", — деди Сарымсаков.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан Sputnik Кыргызстан агенттигине Ленин райондук милициясынан мейманкананы конфискациялоо учурунда коомдук тартип сактоо үчүн жиберилгендигин айтышты.
"Имараттын ичинде Маммүлк кызматкерлери менен сот органдарынын кызматкерлери иштеп жатышат", — деп билдиришти маалымат кызматынан.
Ал эми Маммүлк фондусунан жагдай туурасында кечирээк маалымат беришээрин айтышты.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун "Ботош" аттуу каймана аты бар О.А.К. аттуу активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Ал Ысык-Көл облусунда бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө. Анын кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунда мүчө экени дагы аныкталган.
2020-жылдын сентябрь айында Ысык-Көл облустук сотунун чечими менен "Ботошту" камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.
УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Бишкекте Кайгуул милициянын унаасы Чыңгыз Айтматов проспектисинде улгайган аялды сүзүп кетти. Бул маалыматты шаардын Кайгуул милициясы башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикулов Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.
Анын айтымында, окуя кечээ, 21-январда, саат 10:00дө катталган. Патрулдук милициянын версиясы боюнча Айтматов проспектиси менен Славянский көчөсүнүн кесилишинде жолго чуркап чыга калган 62 жаштагы аялды айдоочу коюп кеткен. Жабырлануучу атайын унаа менен ооруканага жеткирилген.Окуядан кийин милициянын кызматтык унаасы айып короого киргизилген. Маалымат катчы кырсык боюнча материалдар тергөө бөлүмүнө берилгенин кошумчалады.
Чыңгыз Айтматов проспектиси өкмөттүк трасса болуп саналат. Ал жол менен президент мамлекеттик резиденциядан Ак үйгө каттайт.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда -4…-9, Таласта -3…-8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…-5, Ысык-Көл жергесинде -2…-7, Нарын өрөөнүндө -8…-13 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -5…-7, Ош шаарында -2…-4 градус болот.