Бишкек: жеңил унаа менен кагышкан маршрутка каршы тилкеге учуп түшкөн

© AFP / PHILIPP GUELLANDЖол белги. Архив
Жол белги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөнүн айтымында окуя бүгүн эртең менен болгон

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Борбор калаанын Түштүк магистралы менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде эл ташыган кичи автобус менен жеңил унаа кагышканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp номер аркылуу билдирди.

Анын айтымында, окуя бүгүн эртең менен болгон. Жеңил унаа менен кагышкан маршрутка каршы тилкеге учуп түшкөн. Жаракат алгандар туурасында азырынча маалымат жок.

Кайгуул милиция башкы башкармалыгынан жол кырсыгы катталганын тастыктап, толук маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп, сүрөт, видео тартсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин 0706 566 544 WhatsApp номерине билдириңиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0