Борбор калаада бусиктин үстүнө кулаган теректин айынан адамдар жабыркады

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуБишкектеги катуу шамалдын кесепети
Бишкектеги катуу шамалдын кесепети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир нече адам унаанын үстүнө кулаган бакты жерге түшүрүүгө аракет кылып, бирок алдары жетпегенинен башкаларды жардамга чакырышкан.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Бишкекте бусиктин үстүнө терек кулагандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Бүгүн борбор калаада саат 14.30да болгон катуу шамал Лев Толстой көчөсүндөгү теректи жүк ташуучу унаанын үстүнө кулатты.

Видеодо көрүнүп тургандай, бак унаанын алды жагын басып калган.

Бир нече адам унаанын үстүнө кулаган бакты жерге түшүрүүгө аракет кылып, бирок алдары жетпегенинен башкаларды жардамга чакырышкан.

Тез жардам кызматынын билдиргенине караганда, жабыр тарткандар бар.

"Кырсык болгон жерге чакыруу түшкөн. Бирок биз жерине барганда жабырлануучуларды күбөлөр ооруканага өздөрү жеткирип кеткени белгилүү болду. Ким кандай жаракат алганы азырынча белгисиз", — деп Тез жардамдан билдиришти.

Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп, сүрөт, видео тартсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин 0706 566 544 WhatsApp номерине билдириңиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0