Бишкекте дарак эл ташып бараткан маршруткага кулап, окуучу кыз реанимацияга түштү

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуУнаага кулаган дарак.
Унаага кулаган дарак. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарактын кулашынан бир нече адам жабыркаган. 12 жаштагы кыз оор абалда.

БИШКЕК, 24-июн. – Sputnik. Маршрутканын үстүнө дарак кулап, 12 жаштагы окуучу кыз оор жаракат алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунан кабарлашты.

Тез жардам кызматы кырсыктын айынан бир нече адам жабыркаганын жана окуучу кыз оор жаракат алганын маалымдады.

Дарыгерлердин айтымында, өспүрүмдүн баш мээси чайкалган. Ал №3 балдар клиникалык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0