Кеминдин Кайыңдысында өспүрүм сууга чөгүп кетти

© Sputnik / Валерий Шустов / Медиабанкка өтүүДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык түш ченде болгон.

БИШКЕК, 27-июн.— Sputnik. Кемин районунун Кайыңды айылында кечээ 12 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кеткен. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кырсык айылда түш ченде болгон.

Окуя туурасында кабар түшкөндөн кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары аталган жерге жөнөп кеткен. Бирок алар келгенче туугандары баланын сөөгүн суудан таап чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0