Алтын. Архивдик сурөт

"Манас" аэропортунан өтүп бараткан кишиден 12 кг алтын чыкты

797
(жаңыланган 11:05 28.06.2017)
Жүктүн ичинен табылган алтынды 27 миллион сомго баалашкан

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет контрабанда менен ташылып бараткан ири көлөмдөгү алтынды ээси менен кошо кармады. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кармалган жүктүн наркы 27 миллион сомго чукулдап барат.

Кабарда "Манас" аба майданында 22-июнда Кыргызстан жараны салмагы 12 килограмм 368 грамм болгон 585 үлгүсүндөгү алтын жана кымбат баалуу таштарды алып өтүп баратканда кылтакка илингени айтылат.

"Эгерде бул баалуу жүктү бажы аркылуу алып өткөнүн эсептегенде 5 миллион 200 миң сомду түзөт эле", — деп жазылган маалыматта.

Аталган факты боюнча УКМК ишке катышы бар дегендерге кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

797
Белгилер:
жүргүнчү, алтын, контрабандалык жүк, УКМК
Тема боюнча
Дары-дармектин таңгагына салынган баңги зат Кыргызстандын чек арасынан кармалды
Коронавирустан каза болгон бейтап. Архивдик сүрөт

Коронавирустан дагы беш киши каза тапты. Баары Бишкектен

3
(жаңыланган 11:43 05.12.2020)
Бүгүнкү күндө өлкө ооруканаларында 2 616 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 110 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. COVID жуктуруп ооруканада дарыланып жаткан беш киши каза болгонун Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматта көз жумгандардын баары Бишкекте экени айтылат.

Ушуну менен оорудан мерт болгондордун саны 1 290го жетти.

Бүгүнкү күндө стационарда 2 616 бейтап жатат. Алардын 29унун абалы канааттандырарлык экени маалым болду. 1 821 киши орто оордукта, 656 адам оор абалда, ал эми 110 кишинин абалы өтө оор деп баалануда. 

3 515 бейтап үйүнөн дарыланып жатат.

3
Белгилер:
оорукана, Бишкек, стационар, өлүм, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коронавирус жуктуруп алгандар жана айыккандар. Соңку маалымат
Бишкекте жарандын ишенимине кирүү менен 100 миң долларын алып из жашырган киши кармалды.

Батирин сатымыш болуп аялдын 100 миң долларын алып койгон. Шектүү кармалды

186
(жаңыланган 17:13 04.12.2020)
Шектүүнүн башка дагы ушундай кылмыштарга тийиштиги бар-жогу текшерилип жатат. Бул адамдан жабыркагандар милицияга кайрылса болот.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бишкекте жарандын ишенимине кирүү менен 100 миң долларын алып из жашырган киши кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында Октябрь райондук милициясына З.Е. аттуу аял арыз менен кайрылган. Ал март айында О.Т. аттуу жаран борбор калаадагы Каралаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөгү батирлердин бирин сатам деп, ошол эле жерден андан 100 миң 150 долларын алып калганын айткан. Кийин шектүү убадасын аткарбастан из жашырып кеткен.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") боюнча каттоого алынган.

"Ыкчам издөө иш-аракеттеринин негизинде 33 жаштагы О.Т. аттуу шектүү кармалды. Ал Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү ижарага алынган батиринде жашап жүргөн. Шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Учурда анын башка дагы ушундай кылмыштарга тийиштиги бар-жогу текшерилип жатат. Бул адамдан жабыркагандар болсо 0(772) 33-32-01, 0(707) 81-44-44 же 102 номерлерине кайрылууга болот.

186
Белгилер:
шектүү, батир, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектин чок ортосунан 18 жаштагы куралчан жаран кармалды. Сүрөт