Кытай элчилигинде теракт уюштурган үч жаран 38 жылга соттолду

© REUTERS / Vladimir Pirogov Взрыв у здания китайского посольства в Бишкеке
Взрыв у здания китайского посольства в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган сот иши боюнча үч адам шектүү катары өткөн

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бишкектеги Кытай элчилигинде жардыруу жасаган үч адам жалпы 38 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматы Sputnik Кыргызстандын кабарчысына кабарлады.

Задержание членов МТО - Sputnik Кыргызстан
УКМК: өлкө чек арасында теракт даярдаган төрт киши кармалды
Билдирүүгө ылайык, аталган иш боюнча Хасамидин Исмаилов, Хикматилло Абдулажанов жана Куназим Мансирова шектүү катары өткөн. Биринчи Май райондук соту аларды теракт уюштурган деп өкүм чыгарды.

Анын негизинде Исмаиловду 18 жылга, ал эми Абдулажанов менен Мансировалар 10 жылдан эркинен ажыратылып, баарынын мүлкү конфискацияланды. Жыйынтыгында үчөө тең жазасын күчөтүлгөн режимде өтөмөй болду.

Эске сала кетсек, жардыруу 2016-жылы 30-август күнү эртең менен Бишкекте болгон. Анда жан кечти Mitsubishi Delica үлгүсүндөгү автоунаа менен Кытай элчилигинин дарбазасын сүзүп, өзүн жардырып жиберген.  Анда кызмат көрсөткөн үч жумушчу жабыркап, элчиликтин кызматкерлери жаракат алган эмес. Дипломатиялык мекеменин имараты менен жабдуулары жабыркагандыктан элчилик виза берүүнү токтоткон.

Жаңылыктар түрмөгү
0