Бишкек епархиясынын епископунан алдамчылар 55 миң доллар талап кылган

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЧиркөөдөгү дин кызматкерлери. Архив
Чиркөөдөгү дин кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандар Казакстанда туулган адамдар экенин ЖМКлар жазып чыкты

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Россия полициясы кыргызстандык дин кызматкеринен акча талап кылган алдамчыларды камаганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Росгвардиянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Абактагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кино биякта калсын! Өзүн-өзү барымтага алган кыргыз кыз эжесинен 1 млн. талап кылган
Ведомстводон православдар чиркөөсүндөгү Кыргызстандын жана Бишкектин епархиясынын епископунан кылмышкерлер 55 миң доллар талап кылышканын ырастады. Эгер бул каражатты берүүдөн баш тартса дин кызматкеринин беделине шек келтире турган материалдарды чыгара тургандыктарын айтышкан.

Россилык ЖМКлардын маалыматына караганда, аталган факты боюнча Казакстанда туулган эки жаран кармалды. Алар акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. Прокуратура Кылмыш кодексинин 163-беренеси (Акча талап кылуу) боюнча кылмыш ишин козгоду.

Ал эми Кыргызстандын жана Бишкектин епархиясынын өкүлдөрү бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0