Ак үйдүн жанындагы кафедеги жарылууну ӨКМ тастыктады

Жазылуу
Жалпы аянты 130 чарчы метр болгон кафе толугу менен күйүп кетти

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Панфилов сейил багынын жанындагы "Аист" кафесинде газ баллондор жарылып, имарат толугу менен күйүп кеткендигин ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

© Sputnik / Эламан КарымшаковПанфилов сейил багынын жанындагы "Аист" кафесинде газ баллондор жарылып, имарат толугу менен күйүп кеткен
Взрыв в одном из кафе парка имени Панфилова - Sputnik Кыргызстан
Панфилов сейил багынын жанындагы "Аист" кафесинде газ баллондор жарылып, имарат толугу менен күйүп кеткен

"Кафенин ичинен үч газ баллон жарылган. Өрт өчүрүүчүлөр 40 жана 20 литрлик эки баллонду алып чыгышты. Жалпы аянты 130 чарчы метр болгон кафе толугу менен күйүп кетти", — деп айтылат билдирүүдө.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыр тарткандар болгон жок.

Жарылуунун себептери такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0