Токмокко жакын жердеги жол кырсыгынан эки киши каза болду

Жазылуу
Жол кырсыгы болжол менен саат 12.45тер чамасында болгон

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Токмокко жакын жердеги айланма жолдо болгон жол кырсыгынан эки киши каза болду. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, эки автоунаа саат 12:45тер чамасында бетме-бет кагышкан.

"Биз жолдо катуу жабыркаган Honda Odyssey автоунаасын көрдүк. Экинчи унаа жолдон чыгып кеткен. Эки кишинин сөөгү жатат", — деди күбө.

Чүй ОИИББдин кайгуул милициясы бул маалыматты тактап жатканын билдирди.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp номери аркылуу билдирсеңиз болот.

Өткөн айда адам өмүрүн жалмаган жол кырсыктар туурасында Sputnik Кыргызстан даярдаган материалды бул жерден окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0