Милиция: энеси бөбөктү эсине келтирем деп жаакка чапкылагандыгын айтууда

© AP Photo / Pavel GolovkinПриют для женщин, пострадавших от домашнего насилия в пригороде Москвы
Приют для женщин, пострадавших от домашнего насилия в пригороде Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тартип сакчыларына 24 жаштагы аял баласы буга чейин да эс-учун жоготкондо эсине өзү келтирип ала тургандыгын билдирген

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы №3 балдар клиникасындагы көгөла болгон жети айлык бөбөктүн энесинин айтымында, кызы жерге кулап түшүп, эсин жоготкондо эсине келтирем деп жаакка чапкылаган. Бул туурасында шаардык милициядан кабарлашты.

Аталган ооруканадан сабалган белгилер менен бөбөк түшкөнү туурасында кабар келгенде милициянын тергөө-иликтөө боюнча ыкчам тобу дароо барган.

"Баланын баш мээси жеңил даражада жабыркаган, башына мурдараак кан уюп калган жерлер жана эски суу чечектин тагы калган", — деп айтылат милициянын маалыматында.

Баланын 24 жаштагы энесинин милицияга кызы эс-учун жоготкондо жаакка чапкылагандыгын төмөнкүчө айтып берген.

Бетин жаап турган кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атасы зордуктаган наристе кыздын айтып бергени сотту да ыйлаткан. Адвокат менен маек
"Бөбөктүн энесинин айтымында, окуя болгон күнү асырап алган апасынын үйүндө анын да балдарын карап калган. Кызды диванга отургузуп чыгып кеткенде кулап түшүп, эс учун жоготкон. Ал коркуп кетип, эшикке жүгүрүп чыгып элди жардамга чакырган. Баланы эсине келтирем деп жаакка чапкылай берген. Бул учурда чуркап келген коңшусу бөбөктү энеси экөөлөп ооруканага жеткирген", — деп билдирген шаардык милиция.

Тартип сакчыларына 24 жаштагы аял баласы буга чейин да эс-учун жоготкондо эсине өзү келтирип ала тургандыгын билдирген.

Милиция азыр иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын жана соттук-медициналык экспертиза дайындалгандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0