УКМК улут аралык кастыкты козутту делген "Вконтакте" колдонуучусун кармады

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүСоциальная сеть "Вконтакте"
Социальная сеть Вконтакте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Филология-политологиялык экспертизанын жыйынтыгында, бул колдонуучунун жазгандарында улуттар аралык жаңжалга чакырыктар бар экени аныкталган.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) "Вконтакте" социалдык тармагында улуттар аралык жаңжалга үндөгөн билдирүүлөрдү жазган колдонуучунун ким экенин аныктагандыгын ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Социальная сеть Фейсбук - Sputnik Кыргызстан
УКМК улут аралык кастыкты козутту делген Facebook колдонуучуларын кармады
Ага ылайык, Ахмад Асадуллаев деген ысым менен катталган колдонуучу өз комментарийлеринде башка улуттун өкүлдөрүнүн ар намысына шек келтирген сөздөрдү жазып, бул нерсе башка колдонуучулар арасында нааразычылык жараткан.

Ал улуттар аралык жаңжалга үндөөдөн тышкары, Кыргызстандын улуттук символикасына карата дагы негативдүү оюн билдирген.

Филология-политологиялык экспертизанын жыйынтыгында, бул колдонуучунун жазгандарында улуттар аралык жаңжалга чакырыктар бар экени аныкталган.

Аталган факты боюнча А.Ж аттуу жаранга Кылмыш жаза кодексинин 299-беренеси (Улуттук, расалык же диний кастыкты козутуу) менен кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0