Кыргызстанда 2018-жылдан баштап жаңы электр түйүндөрүнүн курулушу башталат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүРемонт линии электропередач с материка на остров Русский в Приморском крае
Ремонт линии электропередач с материка на остров Русский в Приморском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"CASA-1000" долбоору аркылуу Кыргызстан менен Тажикстан өздөрүнө энергетикалык өнүгүүнүн жаңы перспективаларын таап, Афганистан менен Пакистан энергетика тартыштыгын жое алары айтылды.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Кыргызстанда "CASA-1000" долбоорунун алкагында 2018-жылдын январь айынан баштап жаңы электр түйүндөрүнүн (ЛЭП) курулушу башталат. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Душанбе шаарында өтүп жаткан саммит учурунда айтканын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

"CASA-1000" долбоорунун алкагында Тажикстанда өтүп жаткан саммитке КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, тажик президенти Эмомали Рахмон, Пакистан өкмөт башчысы Наваз Шариф, Афганистан лидери Мохаммад Ашраф Гани жана эл аралык донордук мекемелердин өкүлдөрү катышып жатат.

"Учурда "CASA-1000" долбоору боюнча курулчу объектилерге сатып алуу ишти башталды. Курулуш ишинин өзүн келерки жылдын январь айынан баштоо пландалып жатат. Узундугу 450 чакырымга созулган электр түйүндөрүнүн кубаттуулугу 500 кВт болмокчу. 125 чакырымга жеткен биринчи участок боюнча сынактын арыздары каралып жатат. Курулушту Ислам өнүгүү банкы каржылоодо", — деди Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Тажикстанга кетти
Ал эми 325 чакырымга созулган экинчи участоктун курулушу Дүйнөлүк банктын жана Европа инвестициялык банкынын каражаты менен ишке ашары айтылды. Ал эми Сооронбай Жээнбеков бул долбоордун алкагындагы тендерлер ийгиликтүү өтөрүнө ишенээрин билдирди.

Ошондой эле, Сооронбай Жээнбеков "CASA-1000" долбоору  Афганистандын гана тынчтык жолунду өнүгүшүнө алып келбестен, баардык катышуучу мамлекеттердин экономикасына оң таасирин тийгизээрине басым жасады.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Тажикстан өздөрүнө энергетикалык өнүгүүнүн жаңы перспективаларын таап, Афганистан менен Пакистан энергетика тартыштыгын жое алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0