Бишкекте айдоочу кыз бир кишинин өмүрүнө забын болду

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүВручение автомобилей "Скорой медицинской помощи" учреждениям здравоохранения Республики Татарстан
Вручение автомобилей Скорой медицинской помощи учреждениям здравоохранения Республики Татарстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочунун 25 жашта экени айтылууда

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Lexus үлгүсүндөгү унаанын алдында калган эркек киши көз жумганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй ОИИББдин Кайгуул милиция башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 5-июль күнү болжол менен саат 23.30дар чамасында Ысык-Атанын Ново-Покровка айылында болгон.

"55 жаштагы кишини Lexus RX300 унаасы коюп кетти. Жабырлануучу алган жараатынан улам ошол эле жерден көз жумган. Машинаны 25 жаштагы кыз айдап бараткан, ал кырсык болгон жерден кеткен эмес", — дешти милициядан.

Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Унаа айып короого токтотулду.

Маркум жергиликтүү тургун эле.

Lexus жөө адамды кагып кеткен ирмемдин видеосун Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0