Ысык-Көлдүн Ананьево айылында май куюучу жайдагы газ баллондордун жарылышынын кесепети

Ананьеводогу жарылуудан жабыркаган дагы бир бейтап каза болду

59
(жаңыланган 16:08 07.07.2017)
Ушу тапта ооруканада төрт бейтап дарыланууда. Алардын абалы оор деп бааланып жатат.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ананьево айылында май куюучу жайдагы газ баллондордун жарылышынан жабыркаган бейтаптын дагы бири каза болгонун Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, кырсык 19-июнда болжол менен саат 17.22лерде Ананьево айылынын Совет көчөсүндө май куюучу жайда болгон. Анын кесепетинен 52 жаштагы эркек киши жана анын 10 жаштагы баласы каза таап, 8 адам ооруканага жеткирилген. Алардын бири 22-июндун таңында көз жумган. 23-июнь күнү бейтаптар Бишкектеги Күйүк борборуна алып келинип, алты күндөн кийин терисинин 65 пайызы күйүп калган киши каза болгон.

"57 жаштагы бейтаптын бети, денесинин 70 пайызы күйүп, абалы өтө оор деп бааланган. Бардык тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан бүгүн 12.30дарда жүрөгүнүн иштеши токтоп калган. Реанимациялык иш-чаралар натыйжасын бербегенден кийин саат 13.00дө анын көз жумганы расмий айтылды", — делет маалыматта.

Ушу тапта ооруканада төрт бейтап дарыланууда. Алардын абалы оор деп бааланып жатат.

59
Белгилер:
баллон, газ, Ананьево
Тема:
Ананьеводогу май куюучу жайдагы жарылуу (17)
Тема боюнча
Ананьеводогу жарылуу: жабыркагандардын экөө оор абалда
Ананьеводогу жарылуу: дагы бир адам көз жумду
Ананьеводо жаштар акча чогултуп, муктаж үй-бүлөлөргө жардам берди
Афган күчтөрү Кундуз провинциясындагы согуш талаасында

ЖМК: талибдер Тажикстан менен чектешкен аймакты басып алды

64
(жаңыланган 16:21 23.06.2021)
Афганистан бийлигинин 134 жоокери куралдуу кагылышка туруштук бере албай калгандыктан Тажикстандын аймагына кире качууга аргасыз болушкан.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. "Талибан"* согушкерлеринин кыймылы Афганистандын түндүгүндөгү маанилүү аймактардын катарына кирген Кундуз провинциясын көзөмөлдөп, анын борборун курчоого алды. Бул тууралуу Аль-Жазира телеканалы жергиликтүү бийлик органдарына шилтеме берип кабарлады.

ЖМКнын маалыматына караганда, бул провинция үчүн согуштук аракеттер жекшемби күнү башталып, дүйшөмбүдө талибдер райборборду басып алышкан. Кийинчерээк алар Кундуз провинциясындагы Афганистан менен Тажикстандын ортосундагы башкы чек ара өткөрмөсүн ээлеп алышкан.

"Тилекке каршы, бүгүн эртең менен талибдер Шир-Хан портун, шаарды жана Тажикстан менен чектешкен жердеги бардык постторду басып алышты", — деди провинция кеңешинин мүчөсү Халиддин Хакми.

Бул маалыматты талибдердин өкүлү Забиулла Муджахид дагы тастыктады. Анын айтымына караганда, учурда талибдер Шерхан-Бандар менен Кундуздагы чек ара өткөрмөлөрдүн бардыгын көзөмөлдөп жатат.

Ал эми Тажикстандын УКМКсынын Чек ара кызматы 22-июнь күнү Афганистан Ислам Республикасынын 134 жоокери куралдуу кагылышка туруштук бере албай "Пяндж" чек ара отрядынын төртүнчү заставасы аркылуу Тажикстандын аймагына киргенин кабарлады. Тажик чек арачылары афган жоокерлерин тоскоолдуксуз өткөргөн.

"Тажикстан менен Афганистандын чек ара линиясындагы абал чыңалып турат. Акыркы 10 күн аралыгында Афганистандын Тажикстан менен чектешкен жерлеринде өкмөттүк жана "Талибан" кыймылынын күчтөрү кагылышты", — дешти Тажикстандын УКМКсынан.

Акыркы маалыматтар боюнча, афган жоокерлеринин төртөө жарадар болуп, бирөө каза тапкан. Ал эми Шерхан-Бандарда талибдер тарабынан өлтүрүлүп жана туткунга алынгандардын саны жүздөп саналат.

* Кыргызстанда, Россияда жана башка бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик уюм

64
Белгилер:
чек ара, Тажикстан, согуш, Талибан, Афганистан
Тема боюнча
АКШ Кабулду Түркияга табыштады... Талибдер кандай кабылдайт?
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Чыгымдын так суммасы жарыяланды
Бүтүрүүчү кыз мектепте. Архив

Кеминдеги бүтүрүүчү кыздын өлүмү. Министрлик ата-энелерге кайрылды

553
(жаңыланган 16:07 22.06.2021)
Мектеп администрациясы берген мүнөздөмө боюнча, киши колдуу болгон кыз токтоо, эмгекчил, эч ким менен урушпаган адам болчу. Окууга жоопкерчиликтүү мамиле кылганы да айтылды.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелерге кайрылуу жасап, ар түрдүү кырсыктарды алдын алуу үчүн балдарына көз салып, аларды көзөмөлдөөгө чакырды.

Ведомство №1 Кемин орто мектебиндеги 9-класстын бүтүрүүчү кызынын өлүмү боюнча тынчсыздануусун билдирген. Мектеп администрациясы берген мүнөздөмө боюнча, ал токтоо, эмгекчил, эч ким менен урушпаган кыз болчу. Окууга жоопкерчиликтүү мамиле кылганы да айтылды.

"Каргашалуу окуяга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелерге кайрылып, балдарды ар кандай кырсыктардан алып калуу үчүн жайкы каникул учурунда аларга тыкыр көңүл бурууга чакырат", — деп жазылат кайрылууда.

Эске салсак, бүтүрүүчү кыз 21-июнда өлтүрүлгөн. Ал мектепти бүткөндүгү тууралуу күбөлүктү алуу үчүн эртең менен үйдөн чыгып кеткен. Саат 11лер чамасында коңшусунун телефонунан чалып, анын үйүндө сугат иштери бүткөндөн кийин келерин кабарлаган. Ошол бойдон үйүнө барган эмес.

Кийин кылмышка шектелип мурда ээнбаштык жана алдамчылык фактылары менен бир нече жолу соттолгон 42 жаштагы киши кармалган. Колго түшүрүлгөн киши кызга асылып, аны зордуктоого аракет кылганын, бирок кыз кыйкырып жардам сурай баштаганда коркуп кетип муунтуп салганын айткан. Кийин сөөгүн токойго жеткирүү үчүн башка коңшусунун автоунаасын алганы маалым болду.

553
Белгилер:
зордуктоо, өлүм, бүтүрүүчү, Билим берүү министрлиги, Кемин
Тема боюнча
УКМКнын мас кызматкерлери эс алуучуларды сабаганбы? 
Май куюп жаткан автоунааны "минип" калган Lexus. Кырсыктан кийинки видео
Вид на проспект Чингиза Айтматова Бишкека с высоты

Каттоо кызматынын функциясы Санариптик өнүктүрүү министрлигине өттү

0
(жаңыланган 17:42 23.06.2021)
Санариптик өнүктүрүү министрлиги Улукбек Марипов башында турган министрлер кабинетинин курамында жаңы түзүлгөн.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын функцияларын эми Санариптик өнүктүрүү министрлиги аткарат. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлады.

Маалыматта министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлгөнү белгиленди.

Эми Юстиция министрлигинин карамагында болуп келген Архив агенттиги, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, "Унаа" мамлекеттик мекемеси, "Инфоком" мамлекеттик ишканасы дагы Санариптик өнүктүрүү министрлигине өткөрүлүп берилди.

Ушуга байланыштуу архив иши, калкты, автотранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын каттоо багытындагы бардык маселелер боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылуу керектиги айтылды.

0
Белгилер:
Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Юстиция министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы