Базар-Коргондо сууга аккан үч жашар кыз жан берди

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКанал. Архив
Канал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 17 адам сууга чөгүп каза болгон

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Кайырма айылында сууга аккан үч жашар кыз көз жумду. Бул тууралуу аймактык кабарчы ӨКМдин аталган облустагы башкармалыгына шилтеме берип маалымдады.

Билдирмеге караганда, кыздын каналга агып кеткенин айылдаштары көрүп калган. Алар аны суудан алып чыкканы менен жардам көрсөтө алышкан эмес. Суу жутуп алган наристе өзүнө келбей көз жумган.

Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 17 адам сууга чөгүп каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0