Кара-Суунун Нариман айылында кафеде газ баллон жарылып, ашпозчу каза болду

© Sputnik / Вадим Жернов / Медиабанкка өтүүГаз баллондор. Архив
Газ баллондор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт 336 чарчы метр аянтка жайылып, кафенин ичиндеги эмеректер күйгөн.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылында кафеде газ баллон жарылып, ашпозчу каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Газ баллон жарылып, өрт 336 чарчы метр аянтка жайылып, кафенин ичиндеги эмеректер күйгөн.

"Кафенин ичинен 47 жаштагы аял ашпозчунун күйүп калган сөөгү табылган", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары экинчи ашпозчу түтүнгө ууланып, оор абалда тез жардам кызматкерлери Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0