УКМК: Өлкөдө террордук уюм түзүүнү көздөгөн КР жараны кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКол кишенчен адамдын архивдик сүрөтү
Кол кишенчен адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал террордук жашыруун уюм түзүү максатында Кыргызстанга жөнөтүлгөн

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети эл аралык террордук уюмдун 23 жаштагы мүчөсүн кармады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

"Н.С. аттуу жаран 2015-жылы чет өлкөдө болгон мезгилде эл аралык террордук уюмдун эмиссарынын үгүтү менен Сирия-Ирактагы чыр-чатак аймагына жиберилген. Ал жакта күжүрмөн даярдыктан өткөндөн кийин террордук жашыруун уюм түзүү максатында Кыргызстанга жөнөтүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесинде (жалданмачылык) каралган кылмыш белгилеринин негизинде иши козголду

Кармалган киши УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

УКМК тергөө амалдары жүрүп жаткандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0