ӨКМ: жекшемби күнү үч адам сууга чөгүп каза болду

© Sputnik / Айша КамиловаДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кочкордо "Нива" үлгүсүндөгү унаа Кара-Кужур суусуна кулап кеткен

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кеминде 37 жаштагы киши Орловка шаарындагы көлмөгө чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Ага ылайык, окуя жекшемби күнү саат 15:30дар чамасында болгон. Ал эми саат 18:40тарда маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына тапшырылган.

Кочкордо болсо Кочкор-Арчалу жолунун 55-чакырымындагы көпүрөдөн "Нива" үлгүсүндөгү унаа Кара-Кужур суусуна кулап кеткен. Кырсыктан эки адам каза болуп, сөөктөрү Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0