Түндө Алайда 4 баллга жеткен жер титиреди

Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Дүйшөмбүгө караган түнү саат 3.13дө Алай районунда жер титирегенин ӨКМ Сейсмология институтуна таянуу менен маалымады.

Билдирүүгө ылайык, Алайдын айрым айылдарында жер силкинүүнүн күчү төрт баллга чейин жеткен. Кара-Киндик айылында — 4 балл, Икизяк, Көк-Суу, Бор-Дөбө айылдарында — 3 балл, Эркечтам айылында — 2,5 балл болгон.

Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0