Пакеттеги баңгизат. Архив

Дем алыш күндөрү баңгизат сатууга тиешелүү төрт фактынын бети ачылды

111
(жаңыланган 13:25 17.07.2017)
Бардык фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Милиция кызматкерлери дем алыш күндөрү маңзатты жайылтууга тиешелүү төрт фактынын бетин ачты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында 40 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Аталган киши баңгизатын сатууга аралашкан деген ыкчам маалымат келип түшкөн.

"Киши көчөдөн кармалып, тинтүү учурунда жанынан 200 грамм кара куурай табылган", — деп айтылат маалыматта.

Ушундай эле окуя Талас облусунун Бакай-Ата районунда катталган. Ал жакта талаада келе жаткан жаран милицияны көргөндө качууга аракет кылган. Ал колуна баштык көтөрүп алган. Тинтүү учурунда 215 грамм кара куурай табылган. Аны ал өзү үчүн даярдаганын айткан. Кармалган 37 жаштагы жарандын буга чейин соттолгону аныкталган.

Дагы бир окуя Бишкек шаарында катталган. 58 жаштагы тургун кармалып, жанынан 137 грамм гашиш табылган.

Ал эми Нарын облусунун Жумгал районунда Honda Odyssey автоунаасынан 400 грамм кара куурай алынган. Машинанын ичиндеги эки жаран милиция тарабынан кармалган.

Ошентип дем алыш күндөрү жүргөн атайын иш-чаранын жыйынтыгында жалпысынан 952 грамм баңгизаты алынган.

Жогорудагы бардык фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

111
Белгилер:
баңгизат, ИИМ, Жумгал, Талас, Бишкек
Тема боюнча
Кыргызстанда баңгизатка каршы күрөшүүгө багытталган акция башталды
Түрмөнүн жанынан кара куурай алып бара жаткан 60 жаштагы аял кармалды
Новосибирск жарылуу болгон автогаз куюучу жайы

Кыргызстандыктар жабыркаган жарылуу: Новосибирскте АЗСтин директору кармалды

39
(жаңыланган 12:49 16.06.2021)
14-июнда аталган калаада автогаз куюучу жайда жарылуу болуп, анда жабыркагандардын арасында үч кыргызстандык бар экени айтылган.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Новосибирск соту жарылуу болгон автогаз куюучу жайынын директорун эки айга камакка алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Кырсыкка себепкер катары автогаз куюу жайынын директору менен инженери тергөө учурунда эки айга камакка алынды. Алдын ала маалыматтарга караганда, газ ташып келген атайын автоунаа газды куюу учурунда коопсуздук эрежелерин сактабай койгону себеп болушу мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 14-июнда жергиликтүү убакыт менен саат 18:00дөр чамасында Новосибирск шаарындагы автогаз куюучу жайда жарылуу болуп, анда жабыркагандардын арасында үч кыргызстандык болгон. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги алардын экөө ооруканада, бири үйүндө дарыланып жатканын, өмүрүнө коркунуч жок экенин айткан.

Ошондой эле өрттүн жана жарылуунун натыйжасында Кыргызстандын жараны ижарага алып иштетип жүргөн кафе жана кыргыз жараны иштеген дөңгөлөк алмаштыруучу жай күйүп кеткендиги аныкталган. Дагы бир кыргызстандыктын документтери күйүп кеткен.

39
Белгилер:
камоо, директор, жарылуу, Новосибирск, Россия
Тема боюнча
Сузакта шахта урап, ичинде калып калган эки киши көз жумду
Унаа экиге бөлүнүп кеткен. Түптөгү жол кырсык эки кишинин өмүрүн алды. Сүрөт
Ысык-Көлдүн Түп районунда болгон жол кырсыгы

Унаа экиге бөлүнүп кеткен. Түптөгү жол кырсык эки кишинин өмүрүн алды. Сүрөт

96
(жаңыланган 10:36 16.06.2021)
Айдоочу рулга ээ боло албай калган. ӨКМ тараткан сүрөттөн ал бактарды аралап кеткенин жана автоунаанын таш-талканы чыкканын байкоого болот.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Түп районунда Subaru Legacy В4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жол кырсыгына кабылып, эки киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

  • ДТП на 187 км. автодороги Балыкчы-Ананьево-Каракол Тюпском районе
    Ысык-Көлдүн Түп районунда Subaru Legacy В4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жол кырсыгына кабылып, эки киши көз жумду
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
  • ДТП на 187 км. автодороги Балыкчы-Ананьево-Каракол Тюпском районе
    Каргаша түнкү саат 01:00дөр чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 187-чакырымында болгон
    © Фото / пресс-служба МЧС КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МЧС КР
Ысык-Көлдүн Түп районунда Subaru Legacy В4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жол кырсыгына кабылып, эки киши көз жумду

Каргаша түнкү саат 01:00дөр чамасында Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 187-чакырымында болгон.

Кырсыктын кесепетинен каза болгон 29 жана 19 жаштагы эркек кишилердин сөөгүн куткаруучулар милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Мындан сырткары, 19 жаштагы дагы бир бала жаракат алып, Тез жардам аркылуу ооруканага жеткирилген.

ӨКМ тараткан сүрөттөн айдоочу бактарды аралап кеткенин жана унаа катуу талкаланып, экиге бөлүнүп кеткенин байкоого болот.

96
Белгилер:
өлүм, айдоочу, жол кырсык, Түп, Ысык-Көл
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Көлдөгү жол кырсыктан 33 жаштагы келин эки кызы менен көз жумду
Ноокаттагы жол кырсык. Кечээ каза болгондордон башка дагы үч бала көз жумду
Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Маил Алиаскаров. Архив

Алиаскаров: балык чарбасы боюнча РФ менен 1,3 млрд. рублдик келишим бар

0
Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Маил Алиаскаров Кыргызстанга былтыр 2 375 тонна балык импорттолгонун айтты.

Кыргызстан менен Россиянын ортосунда балык чарбачылыгы боюнча түзүлгөн бир топ меморандум бар. Алардын наркы 1 миллиард 300 миллион рублди түзөт. Бул тууралуу Маил Алиаскаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Алиаскаров: балык чарбасы боюнча РФ менен 1,3 млрд. рублдик келишим бар

Анын айтымында, өлкөгө балык көбүнесе Россиядан импорттолот.

"Кыргызстандык кардарлардын арасында да деңиз балыктарын жактыргандар көп. Андыктан алардын талабын канааттандыруу үчүн өлкөгө сырттан да балыктар алып келинет. Балтыр бул көрсөткүч 2 375 тоннага жеткен. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 680 тоннага көптүк кылат. Импорттолгон балыктар көбүнесе Россиядан келет. Ал тургай Россия менен Кыргызстандын ортосунда балык чарбачылыгы багытында түзүлгөн меморандумдар бар", — деди Алиаскаров.

Ал Россиядан селёдка балыктары алып келинерин кошумчалады.

0
Белгилер:
импорт, Россия, балык, Маил Алиаскаров
Тема боюнча
Алиаскаров: Кыргызстан балык өстүрүүгө ыңгайлуу өлкө