Таш-Көмүрдө 8 адамдын өмүрүн алган жол кырсыктын себебин милиция айтып берди

© Фото / пресс-служба МЧС КРДТП на трассе Бишкек — Ош с участием трех машин
ДТП на трассе Бишкек — Ош с участием трех машин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынан каза болгондордун бешөө эркек, экөө аял жана бирөө беш жашар кыз болгон.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Таш-Көмүрдөгү үч унаанын кагышуусу жол эрежелеринин сакталбаганынан улам келип чыккан. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Бишкек — Ош унаа жолунун 460-чакырмында 20-июлда болжол менен таңкы саат 6.00дө оор жүк ташуучу Howo унаасы менен Honda Stepwgn жана Honda Odyssey унаалары кагышып сегиз адам каза болгон. Алардын бешөө эркек, экөө аял жана бирөө беш жашар кыз экени аныкталды.

"Алдын ала маалыматтар боюнча Honda Stepwgn Odyssey унаасынан ашып өтүүгө аракет кылганда карама каршы тилкеде келе жаткан жүк ташуучу Howo унаасынын астына кирип кеткен. Stepwgn унаасынын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн баары набыт болуп, 26 жаштагы айдоочусу оор абалда ооруканага жеткирилген. Каза болгондор Ноокен районунун тургундары экени аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад облустук Кайгуул милиция башкармалыгы тарабынан атайын экспертиза дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0