Ысык-Көлгө кеткен жолдо 68 жаштагы киши автокырсыкка кабылып каза тапты

Жазылуу
Маалыматта рулдагы киши уктап кетип, кырсыкка кабылганы айтылууда

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Балыкчы — Чолпон-Ата — Каракол унаа жолунда рулда баратып уктап кетип, 68 жаштагы киши автокырсыкка кабылып каза болду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуя аталган трассанын 50-чакырымында болгон. Чакыруу түшкөн жерге барган куткаруучулар "CITROEN C3 PICASSO" үлгүсүндөгү автоунаанын ичиндеги сөөктү Тез жардам кызматына өткөрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0