ЖМК: Кыргызстандагы Ленин чокусуна чыккан 68 жаштагы альпинист каза болду

© AP Photo / Robert F. BukatyАльпинист. Архив
Альпинист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 6100 метр бийиктикте болгон. Альпинист эмне себептен каза болгону азырынча белгисиз.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Ленин чокусуна чыкан 68 жаштагы альпинист Юрий Курмачев 23-июлда каза болгонун "Комсомольская правда" гезити жазды.

Тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ тоо арасынан бутун сындырган канадалык туристти таап, ооруканага жеткирди
Маалыматка ылайык, кырсык 6100 метр бийиктикте болгон. Альпинист эмне себептен каза болгону азырынча белгисиз. Сөөк чокудан бир чакырым  (1000 метр) ылдый  түшүрүлгөн. Бирок аба ырайынын начардыгынан андан да ылдыйлатууга мүмкүн болбой жаткандыгы маалымдалган.

КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ленин чокусунда альпинист каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшпөгөнүн жана аларга кайрылуу болбогонун айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0