Дарыя. Архив

Чүйдө эки киши сууга чөгүп кетип, бирөө табыла элек

52
(жаңыланган 09:58 27.07.2017)
Ленин айылындагы көлмөгө чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылган. Чу дарыясына агып кеткен 26 жаштагы эркек кишини издөө иштери жүрүүдө.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Чүй облусунун аймагында шаршемби күнү эки киши сууга чөгүп кеткенин ӨКМден билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүндүн Ленин айылындагы көлмөгө 18 жаштагы бала саат 17.00дөр чамасында сууга түшүп жатып чөгүп кеткен. Куткаруучулар жана суучулдар издөө иштерин жүргүзүп саат 18.20да сөөгүн таап, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Мындан тышкары, Сокулуктун Талтак айылы аркылуу агып өткөн Чу дарыясына 26 жаштагы эркек киши чөгүп кеткени туурасында маалымат түшкөн. Куткаруу иштерине 6 куткаруучу тартылып табылган эмес. Издөө аракеттери бүгүн да уланат.

52
Белгилер:
сууга чөгүү, суу, Аламүдүн дарыясы
Тема боюнча
ӨКМ: Ысык-Көл менен Кара-Сууда эки адам сууга чөгүп, бирөөнүн сөөгү табылды
Баткенде Төрт-Күлгө чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды
Оштун Ноокат районунда эки жеңил автоунаа кагылышып, үч киши көз жумду

Ноокаттагы жол кырсык эки киши менен бир жаш баланын өмүрүн алды. Сүрөт, видео

493
(жаңыланган 16:53 13.06.2021)
Каза болгондордон тышкары эки киши катуу жабыркап, тез жардам унаасы менен Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Каргаша бүгүн болду.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Оштун Ноокат районунда эки жеңил автоунаа кагылышып, үч киши көз жумду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Короче KG (@koroche_kg)

Окуя бүгүн Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 22-чакырымында болуп, Honda Fit жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

"Кырсыктын кесепетинен бир аял, бир эркек жана бир жаш бала көз жумду. Андан сырткары, эки эркек киши оор жаракат алып, Тез жардам кызматынын унаасы менен Ош шаардык ооруканасына жеткирилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Каргаша болгон жерге тартылган куткаруучулар каза болгондорду унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

На месте ДТП с двумя легковыми авто на автодороге Ноокат — Ош
© Фото / пресс-служба МЧС
Окуя бүгүн Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 22-чакырымында болуп, Honda Fit жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн
493
Белгилер:
өлүм, кагышуу, унаа, жол кырсык, ӨКМ, Ноокат, Ош
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Жүрөктү түшүрөт! Бишкек — Ош жолунда фура жеңил унааны коюп кете жаздаган видео
Өспүрүм бала. Архив

Акыйкатчы институту: Чүйдөгү балдар үйүндө өспүрүм белгисиз жагдайда каза болду

174
Маалыматка караганда, Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу, 6-класстын окуучусу Игорь Якуниндин өлүмү боюнча факт Сокулук райондук милициясы тарабынан 1-июнда катталган.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө 13 жашар өспүрүм көз жумуп, мындан улам өлкө акыйкатчысы аталган мекеменин жетекчисинин кызматтан четтетилишин талап кылып жатат. Бул тууралуу окуяны өз көзөмөлүнө алган Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу, 6-класстын окуучусу Игорь Якуниндин өлүмү боюнча факт Сокулук райондук милициясы тарабынан 1-июнда катталган. 2-июнда Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

"Баланы багып алууга ниеттенип жүргөн АКШлык үй-бүлө жактоочу жалдаган. Анын маалыматы боюнча, тергөө амалдарын жүргүзүүдө бир катар мыйзам бузуулар болгон. КР Акыйкатчы институту ИИМге ишти министрликтин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү тууралуу, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине балдар үйүнүн директорун тергөө учурунда кызматынын четтетүү тууралуу кат жолдоду", — деп айтылат билдирүүдө.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, каза болгон өспүрүм буга чейин өзүн асырап алуучулар менен төрт жолу жолуккан.

"Якуниндин трагедияга чейин ден соолугу чың болгону тууралуу медициналык маалым каттар бар. Дагы бир маанилүү нерсе, 2020-жылы февралда КР Акыйкатчы аппаратынын балдарды коргоо бөлүмү балдар мекемелерине, анын ичинде Военно-Антоновкадагы балдар үйүнө да мониторинг жүргүзгөн эле. Жыйынтыгында бир катар сунуштамалар берилген. Бирок алар өз убагында аткарылган эмес. Бул фактылар боюнча да күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Мекемеден кошумчалашкандай, бул фактыны иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түздүрүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

Ал эми өлкө президентинин маалымат кызматынан билдиришкендей, аталган окуя боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, маселени Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова өз көзөмөлүнө алды. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.

174
Белгилер:
иликтөө, Акыйкатчы институту, өлүм, өспүрүм, балдар үйү
Тема боюнча
Айзаданы ала качууга шектүүлөрдүн бири окуянын чоо-жайын айтып берди
Душанбе шаары, Тажикстан. Архив

Душанбеде ШКУнун 20 жылдыгына карата кинофестиваль өтөт

0
Фестивалдын алкагында Кыргызстан баш болгон уюмга мүчө сегиз өлкөнүн жана байкоочу макамындагы алты мамлекеттин фильмдери көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Душанбе шаарында 29-июндан тарта 2-июлга чейин Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин арасында көркөм жана телефильмдердин фестивалы өтөт. Бул тууралуу Кинематографты колдоо фондунан кабарлашты.

Фестивалдын алкагында Кыргызстан баш болгон уюмга мүчө сегиз өлкөнүн жана байкоочу макамындагы алты мамлекеттин фильмдери көрсөтүлөт. Жеңүүчүлөргө "Алтын чабалекей" сыйлыгы жана дипломдор ыйгарылат.

Кыргызстандын атынан кайсы тасма көрсөтүлөрү айтыла элек.

Эске салсак, ушул жылдын 15-июнь күнү бирикменин түзүлгөнүнө 20 жыл толот. Буга байланыштуу ар кандай саясий жана маданий иш-чараларды өткөрүү пландалган.

0
Белгилер:
тасма, фестиваль, ШКУ, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Байге фонду миллион сомдук республикалык айтыш сынагы өтөт
Кыргыздын "Шамбала" тасмасы Испаниядагы кинофестивалга катышат