Үйүндө 1 килограммдай героин сактаган жаран кармалды

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүЭкспертно-криминалистическая лаборатория управления наркоконтроля по ЮФО
Экспертно-криминалистическая лаборатория управления наркоконтроля по ЮФО - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү Бишкектеги убактылуу кармоо жайына киргизилди

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Аламүдүн районунда милиция кызматкерлери 43 жаштагы жергиликтүү тургундун үйүн тинтүү учурунда 750 грамм героин табышкан. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Глава общественного фонда Альтернатива в наркологии Ирина Пугачева - Sputnik Кыргызстан
Тирүүлөй чирип, жытыман жаныма киши тура алчу эмес... Баңги тууралуу маек
Ага ылайык, милиция жергиликтүү тургунду баңгизатын сактап, сатууга тиешеси бар деп шектенип, атайын ыкчам аракеттердин аркасында үйү тинтүүгө алынган.

Аталган фактыга карата Кылмыш жаза кодексинин 247-беренеси (баңгизатын мыйзамсыз даярдоо, сактоо жана алып жүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран Бишкектеги убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0