Нарында жер силкинди

Жазылуу
Жер титирөөнүн күчү төрт баллга чейин жеткен

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Нарындын Жумгал жана Кочкор райондорунда жер титирөө катталды. Бул туурасында ӨКМ Кыргызстандын Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.

Последствия землетрясения в Чон-Алайском районе - Sputnik Кыргызстан
Евробиримдик Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарга 165 миң евро бөлөт
Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-июлда саат 11.33дө жер силкинип, күчү төрт баллга чейин жеткен.

Жумгал районунун  борборунда 4 балл, Кызарт, Таш-Дөбө, Чоң-Дөбө, Жаңы-Арык айылдарында 3,5 балл, Куйручук, Баш-Кууганды, Кызыл-Туу, Кызыл-Эмгек, Түгөл-Сай айылдарында 3 балл, Чаек, Байзак айылдарында 2,5 балл болгон. Ал эми Кочкор районунун Кара-Мойнок, Кызыл-Дөбө, Мантыш айылдарында 3 балл, Чолпон, Орток 2,5 балл деп катталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана жаракат алгандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0