Ысык-Көлдө тестиер баланы кордогон деген шек менен 26 жаштагы адам кармалды

© AFP / MUJAHID SAFODIEN Ташталган куурчак. Архив
Ташталган куурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектелүүчү баланы жардамдашып койсун деп энесинен сурап кеткен

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө 26 жаштагы адам педофилияга шектелип кармалгандыгы тууралуу облустук ИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Следственный изолятор Матросская тишина - Sputnik Кыргызстан
Британияда педофилдикке шектелген имам 13 жылга эркинен ажыратылды
Аймактагы айылдардын биринин тургуну 10 жашар балага карата сексуалдык зомбулук кылууга аракет кылгандыгы тууралуу кабар Жети-Өгүз районунун милициясына 3-август күнү түшкөн.

Милициядан билдиришкендей, 2-август күнү баланын атасы кылмышка шектелип жаткан айылдашы менен жер сугарган.

Талаадагы иш болжол менен 21.00дө аяктап, экөө үйгө келе жатканда унаанын дөңгөлөгү жарылып калган. Жабырлануучунун атасы дөңгөлөктү үйлөтүш үчүн желимдөө жайына башка бирөөнүн унаасына түшүп кетет. Анын үйүнө өз алдынча жетип алган шектелүүчү кайра талаага резина өтүктү жеткиришип койсун деп баланы энесинен сурап кетет.

"Зөөкүр жолдо баратканда күч колдонуп, жаш балага карата сексулдык зомбулук көрсөтүүгө аракет кылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Окуучунун ата-энеси айылдашына каршы азыр жазуудан баш тартты.

Бирок милиция "Жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети" беренеси менен мылмыш ишин козгоп, шектүүнү кармап, иликтөө иштерин баштады.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0