Героинди сары жүрмөгө аралаштырып түрмөгө алып киргендер кармалды

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүГероин. Архив
Героин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абактагы агасына жолугушууга барган адам жаза өтөө кызматынын кызыгуусун жараткан шектүү мүшөктөрдү киргизген

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы камактагы жаранга киргизилип бара жаткан героинди кармаганын аталган ведомстводон билдиришти.

2-август күнү №16 түзөтүү колониясында жаза өтөп отурган кишинин иниси, аялы жана энеси келген. Алар жолугушуу бөлмөсүнө тамак-аш жана уйдун ичеги-карыны салынган беш мүшөк алып киришкен.

Абак кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түрмөнүн жанынан кара куурай алып бара жаткан 60 жаштагы аял кармалды
Алып келген азыкты текшерүү маалында мүшөктөрдүн биринин ичинен баңгизат табылган.

Агасына жолукканы келген киши бул мүшөктөрдү ага абакка киргизип берип кой деп Ново-Павловка айылындагы "Заря" базарынан бейтааныш адам бергендигин билдирди.

Табылган героиндин салмагы 114,7 граммга жетти.

Учурда мүшөктөрдү базардан берип ийген адамдын өздүгү такталып, бул кылмышка тиешеси бар адамдар изделүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0