Жалал-Абадда жүк ташуучу унаа менен кагышкан машинадагы үч киши каза тапты

© Фото / пресс-служба МЧС КРСтолкновение минивэна с бензовозом в селе Достук Джалал-Абадской области
Столкновение минивэна с бензовозом в селе Достук Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя түндө Ош — Бишкек жолунун 487-чакырымында болгон

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Жалал-Абаддын Шамалдуу-Сай айылынын тушунда болгон жол кырсыгынан үч киши мерт кетип, алты адам жаракат алганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя түндө Ош — Бишкек жолунун 487-чакырымында болгон. Анда жүк ташуучу унаа менен Honda Stepwgn кагышып, жабыркаган үч кишиге жеринен жардам көрсөтүлүп, дагы үч киши аймактык ооруканага алып келинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0