Чет элдик киши кыргызстандыктарды Сирияга жиберип турууну көздөгөн

Жазылуу
Башка мамлекеттин жараны буга чейин өз мамлекетинде издөөгө алынган

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстанда КМШ мамлекеттеринин биринин жараны кармалды. Ал эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болгон деп шектелип жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Кармалган киши буга чейин өз өлкөсүндө түрдүү кылмыштарды жасаганы үчүн издөөгө алынган.

"Ал Кыргызстанда калууну пландап, Борбор Азия мамлекеттеринин тургундарын Жакынкы Чыгыштын согуш жүрүп жаткан аймактарына жөнөтүп турууну көздөгөн", — деп айтылат маалыматта.

Колго түшкөн киши өнөктөш мамлекеттердин күч түзүмдөрүнө жоопко тартылуусу үчүн өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0