ФСБ: Москвада теракт даярдаган деген шек менен борбор азиялык үч киши кармалды

© Фото / ЦОС ФСБ РФ / Медиабанкка өтүүФСБ России пресечена деятельность диверсионно-террористической группы
ФСБ России пресечена деятельность диверсионно-террористической группы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекемелерде, коомдук транспортто, ири базарларда жана соода түйүндөрүндө жардыруу даярдаган топтун мүчөлөрүн колго түшүрдү

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. ФСБ Москвада теракт даярдаган топтун мүчөлөрүн кармаганын РИА Новости жазып чыкты.

Колго түшүрүлгөндөрдүн арасында "Ислам мамлекети" террордук уюмунун кылмыштардын даярдалышын көзөмөлдөгөн эмиссар, жардыруучу заттарды даярдоочу киши жана эки жан кечти бар.

Айыпталуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сириядан Кыргызстанга теракт уюштурганы келген үч киши соттолду
Алардын бирөө россиялык болсо, үчөө Борбор Азиядан чыккандар экендиги айтылууда.

Маалыматта теракт даярдоого ИМдин Сириядагы башчылары, ошондой эле жан кечтилер мектебинин жетекчиси "Ширинжонов А. М." аттуу адамдын тиешеси бар экендиги айтылган.

Июлдун соңунда ФСБ Санкт-Петербургда даярдалып жаткан терактылардын алдын алган. Анда Борбор Азиядан чыккан жети киши кармалып, алардын темир жол унаасына жана эл көп топтолгон жерлерге чабуул пландап жатканы маалым болгон.

Россиянын башкы прокурорунун орун басары Александр Буксмандын айтымында, биринчи жарым жыл ичинде 10дон ашуун терактынын алды алынган. 3-апрелде гана Санкт-Петербургдун метросунда жан кечти өзүн жардырып ийип, 16 адам каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0