ЧЧКга агып кеткен өспүрүмдүн сөөгү 5 күндөн кийин табылды

Жазылуу
Кырсык 9-август күнү болгон

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Чоң Чүй каналына агып кеткен 15 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 15 жаштагы бала 9-август күнү Аскер институтунун жанынан агып өткөн Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен. Аны издөөгө ӨКМдин куткаруу кызматы тартылып, өспүрүмдүн сөөгү 14-августта табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0