Ысык-Көлдө эс алууга барып, аялын муунтуп салган киши милицияга өзү келди

© Sputnik / Табылды КадырбековКызды муунтуп жаткан адам. Архивдик сүрөт
Кызды муунтуп жаткан адам. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жубайлар 11-август күнү Ысык-Көлгө эс алууга барышкан

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө эс алып жүрүп аялын өлтүрүп алган киши милицияга өзү келди. Бул туурасында облусттук ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Бишкектик таксистти бычактоого шектелгендер окуянын чоо-жайын айтып берди - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик таксистти бычактоого шектелгендер окуянын чоо-жайын айтып берди
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарынын 49 жаштагы тургуну 11-август күнү Тамчы айылына 39 жаштагы жубайы менен эс алууга барган. Анын эртеси болжол менен саат 22.30 чамаларында мас абалында ортолорунда чыр чыгып киши аялын муунтуп салган. Андан кийин аны ошол жерге калтырып Бишкекке келет да, болгон окуяны милицияга айтып берет.

Бул билдирүү боюнча ИИМдин криминалдык милиция кызматынын жана Ысык-Көл РИИБдин кызматкерлери көрсөтүлгөн турак жайды текшерген учурда аялдын сөөгү табылган.

Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) менен иш козголгон. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0