Кыргызстандык спортчу Якутияда эмнеден улам каза болгону иликтөөгө алынат

© Sputnik / Болот Бочкарев / Медиабанкка өтүүЯкутск шаары. Архив
Якутск шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дипломатиялык өкүлчүлүк кыргызстандык жаран киши колдуу болгонун тактап же төгүндөй элек

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги РФнын укук коргоо органдарынан Якутияда кыргызстандык жарандын каза болушу тууралуу фактыны иликтөөгө алууну суранды. Бул тууралуу дипломатиялык ведомстводон билдиришти.

Конфликт между людьми - Sputnik Кыргызстан
Москвада Кыргызстандын жараны сабалып, алты киши кармалды
Буга чейин маркумдун энеси баласынын сөөгү 9 же 10-августта Усть-Нера шаарынын жанынан табылганын Turmush агенттигине билдирген. Аны өлтүргөндөн кийин даракка илип коюшкан. КР жараны бир жылга жетпеген убакыт мурда эжеси жана жездеси менен Якутияга учуп кеткен. Ал ашпозчу болуп эмгектенип, апасына бат-баттан телефон чалып турган. Ал ошондой эле спорттун эрежесиз эр уруш түрү менен алектенип, жыйынтык көрсөтүүгө аракет кылып жүргөнүн агенттик жазып чыкты.

Дипломатиялык өкүлчүлүк кыргызстандык жаран киши колдуу болгонун тактап же төгүндөй элек.

Элчилик Якутиянын тергөө органдарынан окуяны тыкыр иликтөөнү өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0