Ысык-Көлдө жол тандабас 4 жолу аласалып, Россиядан келген эки киши каза тапты

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаада балдар менен кошо алты адам болгон

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда катталган жол кырсыктан Россиянын жарандары каза болгонун аймактын ИИБинен кабарлашты.

Жол кырсыгы Барскоон — Кумтөр унаа жолунун 52-чакырымында, тагыраагы Жети-Өгүздөгү Ара-Бел аймагында катталган.

Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эки адамдын өмүрүн алган кырсыкка себепчи милиционер камакка алынды
Милициянын маалыматына караганда, 19-августта саат 12.30да Россиянын 49 жаштагы жараны кыргызстандыкка тиешелүү Toyota Land Cruser үлгүсүндөгү унааны айдап баратып рулду башкара албай калган. Натыйжада жол тандабас төрт ирет аласалып кеткен.

Кырсык болгон жерден Россиянын 48 жаштагы жана Кыргызстандын 47 жаштагы жараны мүрт кеткен.

Унаа ичиндеги 13 жаштагы бала да Тоңдогу ооруканадан көз жумган. Анын да россиялык экени айтылууда

Ошондой эле унаа айдоочусу, 11 жаштагы кыз (Россия жарандары) жана 49 жаштагы кыргызстандык аял түрдүү жаракаттарды алган.

Алар алгач Жети-Өгүз райондук ооруканага жеткирилип, кийин Бишкекке жиберилген.

Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0