УКМК: эл аралык террордук топтун согушкерлери колго түштү

Жазылуу
Согуштук аракеттер жүрүп жаткан Сирияга баруу үчүн кармалгандарга КМШ жарандарынын паспорту жасап берилген

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Террорчулукка каршы багытталган иш-чаралардын натыйжасында эл аралык террордук топтун КМШ мамлекеттеринен чыккан эки согушкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Поиски беглого заключенного в районе рынка Дордой - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Кыргызстанда теракт уюштуруу аракеттери күчөдү
Маалыматка ылайык, кармалган чет элдик жарандар Сириядагы террордук топтордун согушкерлерине тиешеси бар деп шектелип издөөгө алынган. Алар Кыргызстанга из жашыруу максаты менен келген. Согуштук аракеттер жүрүп жаткан Сирияга баруу үчүн кармалгандарга КМШ жарандарынын паспорту жасап берилгени да белгилүү болду.

Шарт-талапка ылайык, колго түшүрүлгөндөр өнөктөш мамелкеттердин тийиштүү органдарына өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0