Индиядан 140 миң доллар менен кармалган кыргызстандык аялдын соту болот

© REUTERS / MOHAMED ABD EL GHANYДолларовые купюры США
Долларовые купюры США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык жарандын жанынан 100 миң доллардан ашуун акча табылган

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Бүгүн Индияда кыргызстандык Зухра Балтабаеванын баш коргоо чарасы карала турганын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Нью-Делидеги аэропорттон Кыргызстандын жараны кармалганын жазып чыккан. Индиянын бажы кызматынын өкүлдөрү Балтабаеванын жанынан 140 миң доллар тапкан.

"Бүгүн, 22-августта, кыргызстандык жарандын баш коргоо чарасын кароо үчүн соттук отурум өткөнү жатат", — деп ТИМден маалымдашты.

Ошондой эле элчилик Индиянын Жогорку сотунун адвокатынын жардамы менен кыргыз жаранына укуктук колдоо көрсөтөрүн белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0