Алай: жол кырсыгынан Hyundai Porter унаасынын айдоочусу эки уулу менен набыт болду

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүПередача машин скорой медицинской помощи Свердловской области
Передача машин скорой медицинской помощи Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каза болгондор да, жабыркаган беш киши да Нур айылынын тургундары экени аныкталды

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Оштун Алай районунда ЗИЛ унаасы менен кагышкан Hyundai Porter машинасынын айдоочусу 38 жана 36 жаштагы эки уулу менен каза болду. Бул тууралуу Ош облустук Кайгуул милиция бөлүмүнүн маалымат катчысы Айбек Бечелов билдирди.

Анын айтымында, кырсык 26-августка караган түнү саат 01.30дар чамасында Ош — Эркечтам жолунун 233-чакырымында болгон. Нур айылынын 63 жаштагы тургуну өзүнүн Hyundai Porter унаасы менен чөп жүктөп, Сары-Таш айылынан келе жаткан. Ал эми ЗИЛ чөп жүктөп келүү үчүн Сары-Ташка бара жаткан.

"Эки унаанын кагылышуусунан Hyundai Porter унаасындагы үч киши кырсык болгон жерде каза болду. Жүк ташуучу машинадагы беш адам жаракат алып, ооруканага жеткирилишти", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Ош облустук Кайгуул милиция бөлүмүнүн кызматкерлери кырсыктын себебин тактап жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0