Оштогу таштанды челектен башы кесилген аялдын сөөгү табылды

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЖестокое убийство женщины в Оше
Жестокое убийство женщины в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Ош шаарынын түштүк-чыгыш аймагында жайгашкан Мамлекеттик социалдык университетинин маңдайындагы таштанды челектен 40-50 жаш чамасындагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, аялдын сөөгү бүгүн, 27-августта саат 10.30дар чамасында "Тазалык" кызматкерлери тарабынан табылган.

"Өлүктүн башы жок, буттарын кесүүгө аракет жасалган. Учурда укук коргоочулар үрөй учурган кылмыштын бетин ачууга киришти", — деп айтылат маалыматта.

ШИИББден толук маалымат кийинчерээк берилерин кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0