Пензадагы кырсыктан каза таап, жабыркагандар кыргызстандыктар болуп чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековДорожный указатель "Опасный поворот налево"
Дорожный указатель Опасный поворот налево - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жабыркаган жарандардын жакындарын издөө иштери жүрүп жатат

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Россиянын Пенза облусундагы жол кырсыгынан жабыркагандар жалаң кыргызстандыктар болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын элчилиги аталган облустун Ички иштер башкармалыгына таянуу менен билдирди.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 26-август күнү "Урал" М-5 жолунун 471-чакырымында Кыргызстандын номери тагылган кичи автобус жүк ташуучу унаа менен кагышып, бир киши набыт болуп, дагы беш адам жабыркаган

"Жол кырсыгынан көз жумган жаран жана жаракат алган беш киши кыргызстандыктар экендиги аныкталды. Учурда алардын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат. Маселени элчилик өз көзөмөлүнө алды", — деп жазылат маалыматта.

Ушу тапта жабыркаган жарандардын жакындары изделүүдө.

Белгилей кетсек, жабыркагандардын арасында 17 жаштагы өспүрүм бар экени айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0