Сирияда согушка катышты деп шектелген киши Оштон колго түшүрүлдү

© AP Photo / Rick BowmerПриют в центре города Солт-Лейк-Сити
Приют в центре города Солт-Лейк-Сити - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал "Жамаат Таухид ва Жихад" эл аралык террордук уюмдун атынан Сирияда согушка катышкан

ОШ, 30-авг. — Sputnik. Сирияда согушка катышып келди делинген шектүүнүн үйүнөн ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

"20 жаштагы жигит 2016-жылы Россия аркылуу Сирияга барган. Ал "Жамаат Таухид ва Жихад" эл аралык террордук уюмунун атынан Сириядагы согушка катышкан. Ал жакта Мустафа каймана аты менен жүргөндүгү белгилүү болду. Шектүү 2017-жылдын 13-июлунда Стамбул — Бишкек каттамы боюнча Кыргызстанга келген", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү 26-август күнү укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган. Жашаган үйү тинтүүгө алынып, бөлмөсүнөн террордук уюмдар менен байланышка чыгып турган компьютери, ок атуучу курал, дисктер табылып, учурда теологиялык экспертиза дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0