Ош: кайненесинин башын кескен келин эжеси экөө камакта эки айга калтырылды

© © Sputnik  / Медиабанкка өтүүЗаседание суда по делу И.Тимошенко, заморозившей своих детей
Заседание суда по делу И.Тимошенко, заморозившей своих детей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялдын таштандыга ыргытылган башы табыла элек. Издөөгө милиция кызматкерлерине маркумдун жакындары жардамга келишти.

ОШ, 30-авг. — Sputnik. Ош шаардык соту кайненесинин башын кесип таштандыга ыргыткан келин менен эжесинин баш коргоо чарасын карап, аларды 30-октябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Эске сала кетсек, 27-август күнү Ош шаарындагы таштанды салган контейнерден башы кесилген аялдын денеси табылган. Кылмышка шектүү деп маркумдун келини менен анын эжесин милиция кызматкерлери кармаган.

"51 жаштагы аялдын кесилген башы табыла элек. Аны табууга маркумдун жакындары жардам берип жатышат", — деди Сыдыков.

25 жаштагы келин кайненесин таш менен уруп өлтүрүп алганын суракта айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0