Көлдө жолдо жаткан адамды тебелеп кеткен айдоочу изделүүдө. Окуянын чоо-жайы

© AFP / TIMOTHY A. CLARYБродвей, Нью-Йорк
Бродвей, Нью-Йорк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 31-августта түнкү саат 21.50дө Балыкчы — Каракол трассасындагы Фрунзе менен Кутургу айылдарынын ортосунда болгон

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдө унаа жолдо жаткан адамды унаасы менен тебелеп кеткен айдоочу изделип жатат. Бул тууралуу облустук ИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Кырсык 31-августта түңкү саат 21.50дө Балыкчы — Каракол трассасындагы Фрунзе менен Кутургу айылдарынын ортосунда болгон.

"Унаа тебелеп каза болгон киши 37 жаштагы Фрунзе айылынын жашоочусу болгон. Кырсык болгон жерге Түп РИИБдин ыкчам тергөө тобу барганда ага таандык жылкы жанында оттоп жүргөн. Маркумдун кийимдеринен спирт ичимдигинин бөтөлкөсүнүн сыныктары табылды. Күбөлөрдүн айтымында, жолдо жаткан кишини көрүп эки машина токтоп турганда арттан катуу ылдамдык менен келе жаткан үчүнчү унаа адамдар кол көтөрүп токтотууга аракет кылганына карабай тебелеп өтүп кеткен. Из жашырган унаа Volkswagen Рassat же Volkswagen Golf үлгүсүндө болушу мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча сот-медициналык жана автотехникалык экспертиза дайындалды. "Перехват" планы жарыяланып, шектүү жаран изделип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0