Алай: тоют жүктөп бараткан унаа туристтерди коюп кетти

© AFP / MIGUEL RIOPAБезопасность на дорогах Испании
Безопасность на дорогах Испании - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу жабыркагандарга жардам бербестен из жашырып кеткен.

ОШ, 4-сент. — Sputnik. Алай районунун Сары-Таш айылында тоют жүктөп бараткан унаа үч адамды коюп кетти. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Окуя 4-сентябрга караган түнү Алайдагы Сары-Таш айылынын аймагында катталган.

"Кырсыктын кесепетинен Германиянын эки жараны жана жергиликтүү жашоочу жеңил жараат алган. Учурда Алай райондук милициясынын кызматкерлери үч жаранды коюп кеткен унаанын айдоочусун издеп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Милициядан кырсыкка кабылгандар 24 жаштагы Германиянын жараны Заец Камил Махмуд, 23 жаштагы Кеник Бауэр Кобинаин жана жергиликтүү жашоочу Ибраимов аттуу адамдар экендигин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0