Көлдүн Ак-Суусунда унаа ала салып бир адам каза болду

© AFP / PHILIPP GUELLANDЖол белгиси. Архив
Жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ГАЗ-53 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кетип кырсыкка учураган

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Кара-Жал айылында автоунаа ала салып бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Билдирмеге караганда, ГАЗ-53 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кетип кырсыкка учураган. Унаанын ичинде беш адам болгон. Кырсыктан 27 жаштагы адам каза тапканы айтылды. Калгандары эч кандай жаракат алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0