Ош: "Ит качкан" жайлоосунан кишинин сөөгү табылып, милиция элге кайрылды

© Sputnik / Табылды КадырбековПоиски беглых заключенных в жилмассиве "Энесай"
Поиски беглых заключенных в жилмассиве Энесай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун колу-буту байланып, кабыргалары сынган жана бети-башы көгала болгон

ОШ, 6-сент. — Sputnik. Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагынын "Ит качкан" жайлоосунан эркек адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Колу-буту байланган, кабыргалары сынган жана бети-башы көгала болгон маркумдун ич кийимин эсепке албаганда жылаңач болгон.

"Сөөктү милиция кызматкерлери 2017-жылдын 5-сентябрында саат 14:00 чамасында тапкан. Ким экендиги тактала электигине байланыштуу учурда өлүкканада. Кылмыш ишинин бетин ачуу үчүн тажрыйбалуу кызматкерлерден турган ыкчам топ түзүлдү", — деди Аширбаев.

Облустук милиция анын ким экендигин тактоо үчүн элге кайрылды.

"Дайынсыз жоголгондордун жакындары тез арада милиция кызматкерлерине кайрылуусу керек", — деди ал.

Маркумдун бою болжол менен 170 см., жашы 20-25терде, дене түзүлүшү орточо, чачы, көзү, кашы кара жана сол тараптан үстүңкү бешинчи тиши жок экендиги дайын болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0